Жаңы дүйнө келүү

О книге

Автор книги - . Произведение относится к жанрам короткие любовные романы, любовно-фантастические романы. Оно опубликовано в 2020 году. Книге не присвоен международный стандартный книжный номер.

Аннотация

Аңгемелерде каармандардын тагдыры, алардын жасаган иштери чагылдырылган. Доордун агымындагы ар кандай тоскоолдуктарды жеңүү, турмуштун оор сыноолорун көрө албастык, жек көрүү менен эмес, сүйүү менен жеңүүгө үндөйт. Аңгемелер мистикалык окуялардан турат. Ошентсе да окуялар чыныгы жашоодон алынды. Биздин жашоо байкалбаган тоскоолдуктардан жана жоопсуз суроолодон түзүлгөндүгүнө байланыштуу, аларга маңыздуу жооп издөөгө түрткү берет. Чакан бул китепче ар бир окурмандын жүрөгүнөн түнөк табаарына ишенемин. Сиздерге ак жол, бакубат жашоо каалайм урматтуу замандаштар!

Читать онлайн Махабат Тагай - Жаңы дүйнө келүү



Мен бул дүйнөнү төрөлгөндөн тартып, өзүмө жат ынңгайсыз чөйрө катарында кабыл алдым. Анткени мага бейтааныш адаттар, көңүлкош мамиле, дүйнөдөгү сүйүүнүн аздыгы түйшүккө салат. Кала берсе жакыным деп эсептеген киши да, күндөрдүн биринде жырткычка айланышы мүмкүн. Ооба адамдар эки буттуу жырткычка айланышты. Алардын арасында саналуу гана абийирлүү  адамдар бар.

Менин жүрөгүм эңсеп күткөн абийирлүү адамды таап алып маектешким келет. Андай адамды кайдан табамын? Жер шарынын кай бир жерлеринде ушундай адамдар жашап жатышат. Аларды өз көзүм менен көрбөсөм да, жүрөгүм менен сезем.

Өмүр кыйырында, анын катаал жолдорунда бара жаткан мен жашоонун маңызын жоготтум. Көп жыл азап тарткан адамга окшоп калдым. Ошол азаптын айынан өңдөн аздым.

Мага кымбат деп эсептеген кишимди жоготтум. Ал менин атам. Ал мен кыйналганда кам көрчү. Ыйласам мени сооротчу. Мына эми батыштан суук шамал айдап келип ,менин чатырымды силкилдетти. Менин эмнем болсо ошонун баарынын   чаң  тозоңун сапырып асманга чачты. Талаада жалгыз сокойгон даракка   окшодум. Жашоом супс ак көнүлсүз нукка бурулду.

Тынч бурч издеп өзүм менен өзүм алектенип, делбеге окшодум. Айланамда жашоо уланып жатты. Күн батып, таң агарып, күн артынан күн өтүүдө. Кимдир бирөөлөр түйшүккө терең батып , акчанын артынан кууп кетти. Аны адамдар абдан кадырлап калышты. Бул менин акылыма түк сыйбайт. Мен үчүн бул жат нерсе.

Жок мен бул дүйнөдөн эмесмин дедим ичимден. Жок деп кыйкыргым келди. Бирок менин үнүмдү ким угат? Адамдар бирин бири өлтүрүп жатышат, тоноп жатышат. Муну айрым ыпылас ойго азгырылгандар кадыресе көрүнүш катарында кубатташат. Зөөкүрлөрдүн изи менен бара жаткандардын саны арбып баратат. Алар акча үчүн өз жакындарын сатышат. Амалкөй түлкү кейпин кийип алып, бирин бири азгырышат. Жок бул дүйнө мен үчүн эмес. Бул дүйнөдөгү ар бир адилетсиздик үчүн  жан дүйнөм эңшерилет. Калпычы жашоонун арабасы баарын жүктөп алып өлүмгө карай алып баратат. Анын ичинде карысы да, жашы да, бөбөктөр да бар. Алар жашоо кызыктуу, бул дүйнөнүн оош кыйышын жеңип өтөбүз дешет. Өздүрүн өздөрү  мына ушинтип алдашат. Амалкөйдүн анткор экенин алар унутуп калгандай.

Жаш чагым эсиме түштү. Мен жүгөрү талааны аралап жүгүрдүм. Ал анчейин бийик өсө  элек болгондуктан, мен жөөктөн  жөөкө өтүп чуркап жүрдүм. Эмнеликтен ошенткенимди азыр кылдат эстеп жатам.Мен ошондо бейпилдикти, сүйүүнү, чындыкты издедим. Атам дүйнөдөн өткөн соң, жашоом кескин өзгөрдү. Жалын жалп этип өчкөнсүп, караңгы дүйнөгө кирдим. Көлөкө болуп жоголуп бараттым.


Рекомендации для вас