Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек

О книге

Автор книги - . Произведение относится к жанрам публицистика, документальная литература. Год его публикации неизвестен. Международный стандартный книжный номер: 9785006581746.

Аннотация

Эмгектин 1-бөлүгүндө 1920-жылдардын башталышындагы Орто Азиядагы, Кыргызстандагы саясый процесстер топтук күрөштөрдүн, 1922-жылы Кара-Кыргыз Тоолуу облусун, анан ККАОну түзүү аракеттеринин тутумдарынан талданат. 1-бөлүк негизинен профессор Ж.К.Бакашова менен бирге жазылган.2-бөлүк Кыргыз ССРинин биринчи жетекчилеринин аткарган иштерине арналган.3-бөлүккө тарых, мамлекеттик тил боюнча макалалар киргизилди.4-бөлүктө улуттук идея, идеологиянын көйгөйлөрү талданат.

Читать онлайн Папан Дүйшөнбаев - Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек


Редактор Жылдыз Бакашова

Корректор Назым Дүйшөнбаев


© Папан Эргешович Дүйшөнбаев, 2025


ISBN 978-5-0065-8174-6

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

1-Бөлүк.

Мамлекеттигибизди кайра жараткандар

Күтүлбөгөн улуу шанс

Ретрореспективалык саресеп

Мында темага киришүүдөн мурда элибиздин көөнө тарыхына бир аз чегинүү жасап, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлүүсүнүн алдындагы аймактагы геосаясый, социалдык жана демографиялык жагдайларга саресеп сала кетүү керек деп ойлойбуз. Андан кабардар болмоюнча 1921-1925-жылдардагы саясый абалды, моралдык, психологиялык кырдаалды түшүнүү кыйын.


Кыргыздар өзүнүн 30 кылымга жакын көөнө тарыхында бир нече ирет өз алдынча мамлекет түзүп, толук көз карандысыздыкка ээ болушса, көбүнчө башка мамлекеттик түзүмдөрдүн курамында болуп келишкен. Акыркы убактарда Кытайдын архивдеринен кыргыздар жөнүндө Сыма Сяндын жазмаларынан 7—8 кылым мурдагы материалдар табылганы жөнүндө маалымдалууда, бирок алар жарыяланып, элдин энчисине айланып, коомдук аң сезимибизге кире элек. Мында колдогуларга гана таянып айтсак, кыргыздар байыркы мезгилдерден Улуу Октябрь революциясына чейин төрт жолу мамлекеттигин, анын ичинде 840-924-жылдарда Улуу кыргыз державасын түзүшкөн. Көкүм бий менен Эшим хан (ХV11 кылымдын башында), Сибирдеги кыргыздардан Көчүбей бек (ХV11 кылымдын 30-жылдарынын аягы), Эренек Ишей уулу (ХV11 кылымдын 60-80-жылдары), Ала-Тоолук кыргыздардан Акбото бий, Кубат бий, Ажы бий, Атаке баатыр, Тайлак баатыр, Ормон хан, Алымбек датка, Курманжан датка (1:46—64 бб.) ж. б. дагы бир катар бийлер, баатырлар, даткалар башкарган аймактарда да мамлекеттиктин айрым белгилери болгон менен аларды классикалык формадагы мамлекет катары эсептегенге болбойт. Калган мезгилдерде кыргыздар Даван, Усун, Жужань, Караханид, Монгол, Чагатай, Хайду, Моголистан, Кокон ж. б. мамлекеттеринин курамында болушкан.

Гунндар, усундар түрк тилдүүлөрдөн болгону тарыхта такталган. Чынгыз хандын жоокерлеринин басымдуу көпчүлүгүн түрк тилдүүлөр түзгөн, демек, алардын арасында кыргыздар да болгон. Караханид, Чагатай, Хайду, Моголистан мамлекеттеринин калктарынын сезилерлик бөлүгүн кыргыздар түзгөн. Захреддин Бабурдун жекече турмушунда, аскердик иштеринде кыргыздар чоң роль ойногонун ал өзүнүн негизги китебинде бир нече жолу белгилеген (2:86, 91, 131 ж. б.). Ал Ош, Аксыкенти шаарларын, алардын айланасындагы жаратылыш байлыктарын, өзүнө чоң жардам берген Ибраим Саруу, Акмат Кушчу, азыркы Кербендеги Кадырберди, Камбаралы, Сейит Жусуп улакчы деген кыргыздарды, комузду жылуу маанайда эскерген.


Рекомендации для вас