Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси

О книге

Автор книги - . Произведение относится к жанру современная зарубежная литература. Год его публикации неизвестен. Международный стандартный книжный номер: 9785005374073.

Аннотация

Кулназар Ташиевич өзү менен иштеген кадрлар алдында талапты катуу койчу, аткени менен аларга адамгерчиликтүү мамиле кылчу. Сүйлөгөн сөздөрү так, маанилүү, коммунистерге жана эмгекчи элге түшүнүктүү, жүргөн-турганы башкаларга үлгү эле. Ташиевдин ысмы, жасап кеткен иштери социалистик коомубузду активдүү куруучулардын катарына кирет, советтик мекенибизди фашистик баскынчылардан коргогон патриотторго, баатыр жүрөк коммунистерге кошулат.Абсамат Масалиев, Кыргыз эл баатыры.

Читать онлайн Ильгиз Талип - Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси


Редактор Замирбек Осоров


© Ильгиз Талип, 2021


ISBN 978-5-0053-7407-3

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Кадырман да, кайратман карыябыз Кулназар Ташиевге

Кызыл өртүн майдандын кечип келген,
Кыргын эмне экенин сезип келген,
Элибиздин эр жүрөк жоокерисиз
Эрегиште жеңишке жетип келген.
Сиз иштеген бардык жер абат болгон,
Мөрөй утуу сиз үчүн адат болгон.
Усулга бай угуттуу сөздөрүңүз
Уккандарга жатталып сабак болгон.
Камын көрбөй бир гана алкыңыздын,
Камын көрүп калайык-калкыңыздын,
Ала-Тоонун акылман Бакайындай
Артканына күбөбүз баркыңыздын.
Эч жадабай эл жүгүн аркалаштан,
Элге кызмат кылдыңыз чарчабастан.
Демдүү-күчтүү жүрөсүз сексенде да
Денеңизден кудурет таркабастан.
Баш ийбеңиз куракка арыбаңыз,
Баш ийсеңиз, баарыбыз тарынабыз.
Бар болуңуз кайратман, кадыры чоң,
Бак-дөөлөттүү, бакубат карыябыз!
Сооронбай Жусуев,
 Кыргыз эл акыны.

Түбөлүк жары Бахарниса менен. 1985-жыл.

Кулназар – Куршаб кулуну

Элде: «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет, карындагы баланын кан болорун ким билет» деп айтылат. Тарых далай тастыктаган бул чындыкка кантип шек келтирүүгө болсун. Ушул жарканаттай кызыл эт баланын жылдызын Жараткан жарык кылып, бешенесине пенде суктанарлык тагдырды жазган экен. Ырас, ал тагдыр кеме беймарал жиреп бараткан көөшүлгөн көл болуп жаткан эмес эле. Анын ай чарпыган долу толкуну да, буркан-шаркан түшкөн добул, бороондуу кезеңдери да, алоо чулганган апааттуу күндөрү да болгон. Тагдыр ага ушунун баарын баштан кечирип, кандай гана сыноолор болбосун жеңип чыгууну буюрган экен…

Анын ысымын да атасы ырымдап, «Кудай кулум деп назарынан айырбаган адам болсо экен» деп, Кулназар койгон. Кайран киши уулунун убайын көрмөк турсун бал тилине да кумары кана элек чагында, же кулуну эки гана жашка чыкканда дүйнө салып кете берет. Анын кайриет кылганы – артында арзып көргөн жети перзентинен үчөөбү: Маматалы, Мураталы жана эки жашар Кулназарынын калып жаткандыгы эле. Дагы бир жүрөк өйүгөн окунуч – ушул чистей наристелерди аманат таштап кетип жаткан жубайынын 32 гана жашта экени эле. Антсе да ошол оомал-төкмөл, коога-дооругу күчөгөн бейопа кезеңде дүйнө салып бараткан момундун көңүлү кантип жай болмок?

Өктөбүр ынкылабы жеңип, ак падыша тактан кулаганы менен бийлик бир жаңсыл боло элек кез. Ал кезде элет жерине акыйкат, анан маалыматтардын жетип келиши да кыйын, андыктан ар кыл аңыз, имиштер тарап, кайсынысы чын, кайсынысы калп экенин билбей элдин башы маң. Бир жагынан бай-манаптардын мал-мүлкүн, жерлерин тартып алып, өздөрүн абакка салып, же алыска айдатат экен дешсе, экинчи жагынан ошо байлык гана эмес, кедей-кембагалдардын да катын-кызы ортолукка өтүп, төшөнчү-орун бир болот имиш деген сыяктуу кеп—келечтин тарашы эл арасын дүүлүктүүрүп турган. Мындай кырдаалда «өрдөк жокто чулдук бий» болуп, жаңы замандын чаламоңол жасоолдору да чыккан. Алар бөрк ал десе, баш алып, бейкүнө бей-бечараларга зордук-зомбулук жасап киришкен.


Рекомендации для вас