© Мирлан Бакытович Калдыбаев, 2020
ISBN 978-5-4498-6465-9
Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero
Ар кимдин ата-энеси бар. Сенин атаң – чоң атаң менен чоң энеңдин баласы, апаң – тай атаң менен тай энеңдин кызы. Ар бир ата-эне балам чоңоюп, эресеге жетсе, адам болсо деп тилейт: баласын тамак-аш, кийим-кечек менен камсыз кылат, таалим-тарбия берип өстүрөт. Ата-эненин балага болгон мээрими, көргөн камкордугу, келечегинен күткөн үмүтү чоң. Атаң менен энең сенин бактылуу балалыгың, кайгы-капасыз жаштык чагың үчүн кам көрүп, окуп билим алышыңа, эмгекке үйрөнүп, акыл-эстүү болуп чоңоюшуңа ыңгайлуу шарттарды түзөт. Балага ата менен энеден жакын адам болобу? Ата-энелердин бала үчүн кылган эбегейсиз зор эмгегин эмне менен өлчөөгө болот? Сенин баскан-турганың, ар бир жакшы кылык-жоругуң, ата-эненин жүрөгүн элжиретип кубанычка бөлөйт. Мектептен алып келген төрт же беш деген баа атаң менен энеңдин төбөсүн көккө жеткире кубандырарын унутпа. Тескерисинче, кетирген кемчиликтериң, окууга, ишке болгон эринчээктигиң, шалакылыгың, ата-энеңди капалантып, сары санаага түшүрөрүң да дайыма эсиңде болсун. Сен алардын эмгегин сыйла, урматта! Бош убагыңда колдон келишинче үй жумушуна жардам бер. Ата-энең менен сыймыктан!
Адамгерчилик, ак ниеттүүлүк, эмгекти сүйүүнү да негизинен ата-энеңден үйрөнөсүң. Силерден улуулардын көргөн-билгендери көп, тажрыйбасы бай. Ошондуктан алардын жаштарга, өз балдарына айтар кеп-кеңеши, үйрөтөр өнөрү да арбын. Айрыкча алар картайган кезде жакшы каралаш, кейитпе, көңүлүн көтөрүп, кубант, ден соолугун сакта. Улууга – урмат, кичүүгө ызаат деп айтылат кыргыз элинин макалында, өзүңдөн улууларды сыйлабасаң, өзүңөн кичүүлөр да сени сыйлабайт.
БЕЙИШ – ЭНЕНИН ТАМАН АЛДЫНДА
Байыртан эле кыргыз элибиз көркөм сөз өнөрүнө бай келет эмеспи. Алар илим-билимден түшүнүгү жок, тунжураган караңгылыктан шоола издеп жүргөн мезгилде эле ырларды, обондорду жаратып, чексиз бай оозеки адабиятты түзүп келишкени белгилүү. Алардын ичинен макал-лакаптар элибиздин дүйнөгө болгон көз карашынын, кыял-жоруктарынын, салт-санаасынын, турмуш тиричилигинин «жазылбаган» тарыхы болуп эсептелет.
Кыргыз эли ар бир айтылган сөздү, ар бир аткарылган ишти өз орду менен, өз баркы менен баалап, кадырлап, сыйлап келишкен жана ага карата макалдарды, учкул сөздөрдү, накыл кептерди чыгарышкан. Мисалы, «Мекен» деген сөздү алып карай турган болсок, ал тууралуу канчалаган макал-лакаптар, учкул сөздөр бар. Алардын ар бирин окуп отурсаң өзүнөн-өзү мекенге болгон сүйүү сезими күчөп, патриоттук сезим ойгонот. Ал эми «тил» тууралуу макалдардан, тилдин баалуулугун, ыйыктыгын, улуулугун, урматтап-сыйлообуз керектигин, ал биздин көрөңгөбүз, казынабыз экендигин түшүнөсүң. Мындан тышкары ата-эне, сүйүү, жаратылыш, эмгек, ынтымак, достук, береке, үй-бүлө, өмүрлүк жар, жаныбарлар, кыздардын, уулдардын тарбиясы тууралуу, деги койчу ар биринин өз-өзүнчө сырын, маанисин, маңызын ачып, улуулугун даңктаган макалдар элибизде өтө арбын. Мына ушундай улуу макалдардын бири – «Бейиш – эненин таман алдында».