Таза ойлор Так сөздөр

О книге

Автор книги - . Произведение относится к жанрам народная и нетрадиционная медицина, здоровье, альтернативная медицина. Оно опубликовано в 2019 году. Книге не присвоен международный стандартный книжный номер.

Аннотация

Бул китеп аркылуу өзүңө керектүү маалыматтарды кабыл алуу менен бирге:– ден соолуктун бузулуу себептерин түшүнүп, денени жакшы иштетүүчү сөздөргө көңүл бөлсөң болот- өзүңдүн мүнөзүңдү түшүнүп, өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл алып, өзүң менен өзүң ынтымакта болууга аракет жасасаң жаның тынч болмок- коркунучуңду кыймылдатуучу күч катары колдонуп, алдыга жашоого жылыш керектигине ынанса болооруна өзүңө өзүң түрткү болосуң- келген ойлордун маанисин түшүнүп, керексизинен баш тартууну тажрыйбаласаң да болот- учур чакта жашоонун сырлары жана тагдыр кантип бешенеге жазылаары жөнүндө түшүнүктөр айтылат.

Читать онлайн Алымкан Карбозова - Таза ойлор Так сөздөр



Ден соолугуңдун чың болушун каалайсыңбы?


Кубанып, ыраазы болуп жаша!

Ден соолуктун “ачкыч” сөздөрү!


Иркутск шаары 2019– жыл


[А] Мен ден соолугум менен бирге төрөлгөнмүн! Мен өз жайымдамын!


Бул китеп аркылуу ар бир адам өзүнүн ден соолугун чыңдоо максатында мүнөзүнүн терс жактарынын зыяндуулугун туура түшүнүп, коркунучун кыймылдатуучу күч катары пайдаланып, керектүү “ойлорду” кандайча ойлоп, кандай “сөздөрдү” сүйлөп, “маалымат” алуу менен “сезимди” кантип жакшыртууга болоору жөнүндө түшүнүк алса болот. “Жаман” болгуң келеби, “жакшы” болгуң келеби же жөн эле “чыныгы адамдык” касиетиңди өзүнүн калыбына келтиргиң келеби? Ал өз түшүнүгүңө, тандооңо, жашоодон алган турмуштук тажрыйбаңа жараша жана өзүңдүн жашоого болгон көз карашыңа жараша болот. Кандай ойлоносуң? Эмнени күнүгө жасайсың? Жашооңду өзгөртүү үчүн эмнелерди жасайсың? Жашоодо “жаман” дагы, “жакшы” дагы бар нерсе.Аны жасаган өзүңсүн. Адам баласы алтын ортодогу тең салмактуулукту кармап турган тараза сыяктуу. Ал үчүн өзүңдүн тынчылыгыңды жана тең салмактуулугуңду бир калыпта сактоону үйрөн.

Өзүңдүн мүнөзүңдү түшүнүү менен, кетирген кемчилигиңди өзүң көрүп, аны кандайча түзүп алгансың? Кайрадан кантип өз нугуна келтирүү же ашыкча жасабай коюунун оңой жолдору барбы? “Жан дүйнөңдүн” кыйноосунан кантип чыксаң болот? Ал үчүн, сен аны кантип жасап жаткандыгыңды “түшүнүүң” зарыл. Өзүңдүн “ишенимиңдин”, “аң сезимиңдин кайсыл деңгээлде экендигин” туура түшүнүп, мындан ары “ жекече чек араңа кол тийгизбеш” керектигине көңүл бура баштайсың. “Өзүңдү өзүң сыйлоо жана колдоо”– ден соолугуңа, жекече жашооңо кандай таасир бере тургандыгына көңүл бурууга туура келет. Байкоочулук сезимиң ойгонуп, өзүңдүн оң жана терс мүнөздөрүңдү кантип жасап жаткандыгыңды сырттан көрө баштайсың, жана аны кантип жасабай койсо болооруна ишенесиң.

“Адам дене түзүлүшү”, “жашоо процесси”, “тагдырдын кандайча, ким тарабынан түзүлүшү жөнүндө” кыскача сөз болот. “Көңүлдү буруу” менен ар кандай мүнөздүн, ойдун, сөздүн, сезимдин ден соолукка, жашоого тийгизген таасирин туура түшүнүү керектигине маани бере аласың.

Ден соолугуңду кандайча бузуп алдың?… Эми, аны кантип кайрадан калыптандырууга болот? Мына ушундай мааниде түшүнүк алсаң болот. Билесиң, бирок күмөнсүрөйсүң. Кээ бир жашоодо анчалык маани берилбеген нерселердин өзүңдө бар экендигине ынанып, түшүнүү менен “өзүңдүн өзүңө болгон ишенимиңди” бекемдейсиң. Ички дүйнөңдөгү ачылбаган сырлар жана кызыктар дүйнөсү жөнүндө сөз болот.


Рекомендации для вас